• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектен учкан «Boeing 707» учагы Иранда кулап калды

14 Үчтүн айы 2019 13:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV

Бүгүн Бишкектен учкан «Boeing 707» үлгүсүндөгү учак Тегерандын аймагынан кырсыкка учурады, деп билдирет ирандык ИрТАГ агенттиги.

Маалыматка караганда, учак Ирандын борборунун четиндеги Сафадашт шаарынын аймагында кулаган. Кырсык болгон жерде түтүн чыгууда, окуя болгон жерге куткаруучу топтор — тик учак жана ондогон тез жардам унаасы чыгып кетти. Учак жүк ташуучу болгон. Ал Бишкектен Тегерандын четиндеги Кередж шаарына бараткан. Бортто экипаждын 10 мүчөсү болгон.

Press TV телеканалы маалымдагандай, кырсыктын кесепетинен 10 адам каза болгон.

Булак: АКИ press

Количество просмотров: 46