• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Тик учак кулаган жерге куткаруучулар жөнөп кетти

4 Кулжа 202117:42 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 4-июнь күнү саат 13:48 чамасында Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын Кичи-Алай айылында болжол менен Ак-Буура дарыясынын баш жаагында (Арча-Бешик жайлоосу) тик учак кулап түштү деген маалымат түшкөн.

Маалыматта айтылгандай, тик учактын ичинде болжол менен 10 адам болгон.

Жерине тактоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана саат 14:40та КР ӨКМнин РӨКОнан 10 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 880