• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекти «Тазалык» жышып жатат (видео)

23 Жалган куран 202020:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан жугуштуу оруулардын, анын ичинде таажылуу вирус инфекциясын алдын алуу максатында борбордун адамдар көп жүргөн жерлерде, айрыкча коомдук транспортторунда жана соода-сатык базарларында дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, ошондой эле күнүмдүк толук санитардык дезинфекциялоону автобустар жана троллейбустар өтүшөт: кармагычтар, отургучтар, руль, панелдер жана эшиктин кармагычтары 1% хлорамидин эритмеси менен тазаланат. Айдоочуларга жана унаа жуучу жайдын кызматкерлерине кошумча инструктаж өткөрүлөт, акыркы аялдамаларда автобустардын, троллейбустардын салондорун максималдуу түрдө желдетүү менен аба-жылуулук режими камсыздалат.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бардык транспорт ишканаларында дезинфекциялоочу каражаттар жетиштүү санда болгону аныкталган.

Эске салсак, күн сайын каттамга 140 автобус, ошол эле санда троллейбус чыгат.

Количество просмотров: 735