• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекти тейлегиси келген чиновниктердин балдары жана туугандары басты

31 Теке 202112:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы ишин баштады. Социалдык тармактарда шаардык кеңештин депутаттарынын үй-бүлөлүк байланыштары талкуу жаратып жатат.

Алсак, жаңы депутат болуп келгендердин теңинен көбү мурунку аткаминерлердин балдары менен бизнесмендердин туугандары.

Конгантиев Кубанычбек Камбаралыевич — мурунку башкы прокурор Кабаралы Конгантиевдин уулу, мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин иниси.

Конгантиев Кубанычбек

Атамбаев Кадырбек Алмазбекович — Кыргыз Республикасынын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу.

Кадырбек Атамбаев

Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна — Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кызы.

Жолдошбаева Наргиза

Салымбеков Жумабек Мамытбаевич — Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, «Дордой» ассоциациясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Мамытбай Салымбековдун уулу. Ал дагы «Дордой» холдингинин ээси Аскар Салымбековдун иниси.

Салымбеков Жумабек

Абдуллажанов Султанбек Мухтарович — Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин жээни.

Абдуллажанов Султанбек
Количество просмотров: 1656