• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК Бишкек шаардык кеңештин депутатын кармады

18 Жалган куран 202513:41 Бишкек Govori.TV

Алдамчылык фактысы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, соңку кездери социалдык түйүндөрдөгү жана мессенджердеги аккаунттарды колдонуу менен жасалган алдамчылык фактылары көбөйүп, анда кылмышкерлер өздөрүн жогорку бийлик өкүлдөрү катары көрсөтүүдө. Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары башка укук коргоо органдары менен биргеликте мындай окуяларды аныктоо жана алдын алуу боюнча системалуу иш алып барууда жана жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.

«Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты М.у А. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталып, ал 2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган», — деп жазылат маалыматта.

Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, 2025-жылдын 17-мартында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 419