• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкектиктер чач тарачтарды басууда

1 Бугу 2020 12:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-майдан тарта борбор калаадагы чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча чач кыркуу, чач боёо жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү иштеп баштады. Буга байланыштуу чач тарачтардын алдында кезек күткөн шаар тургундарынын көбөйгөнүн көрүүгө болот.

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жайгашкан чакан салондордо алдын ала жазылгандардын кезеги 2-3 күнгө жетип жатканы белгилүү болду.

Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу. Кечээ жакында айрым аймактарда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узарды.

Количество просмотров: 3017