• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкектиктер интернет иштебей жатканын айтууда

13 Бугу 202517:22 Бишкек Govori.TV

Соцтармак колдонуучулары бир катар интернет провайдерлери иштебей калгандыктан, санариптик кызмат көрсөткөн маморгандар менен коммерциялык банктардын иши үзгүлтүккө учурап жатканын жазышууда.

Айрым маалыматтар боюнча Чүй менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктү куруу иштери жүрүп жаткан жерде бардык интернет провайдерлеринин магистралдык линиясында үзгүлтүккө учураганы айтылууда.

Мындан тышкары, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин, Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунун иши боюнча арыздар түшкөн. «Кызмат» мамлекеттик мекемеси техникалык мүчүлүштүктөр болуп жатканын билдирген.

Мекемеден көйгөйдү чечүү багытында иштер жүрүп жатканын белгилеген.

Количество просмотров: 326