• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шаар тургундары Бишкек мэриясын сотко берет

13 Бирдин айы 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн коомдук активисттер, Бишкек шаарынын жашоочулары маалымат жыйын беришип, шаардын инфраструктурасын куруу менен жеке мүлктү алып коюу болуп жатканын айтышты. Алардын айтымында деталдуу пландоону бийлик эл менен ошол эле шаар тургундары менен макулдашуусу керек болчу, бирок план бүдөмүк түзүлүп элге маалымат берилген эмес.

«Эгер шаарды деталдык пландоо ишке аша турган болсо, курулганына 50 жылдан ашкан үйлөр жана ошондой эле 3 кабаттан бийик болбогондор бузулушу мүмкүн», — деди шаар тургуну Айнура Жумашева.

Мындан тышкары мурунку берилген кызыл китептерди жарабайт деп жатышканын билдиришти.

“Шаардын инфраструктурасын курабыз деп жарандардын мүлктөрүн тартып алып жатышат. Мен кайсы күнү келип үйдөн чыгарып салат деп корком. Андыктан биз шаар тургундары деталдуу пландаштыруу долбоорун токтотууну талап кылабыз. Аны кылдат карап чыгуу зарыл”, – деди Абакирова.

Мындан тышкары, шаарды деталдык пландаштырууну ишке киргизүү менен жеке мүлктү эч бир кыйынчылыгы жок эле алып коюга жол ачылып жатканын айтышууда. Ал эми дагы бир шаар тургуну Сергей Ким эгер деталдык пландаштырууну кабыл ала турган болсо, каршы чыгышаарын билдирип, керек болсо Бишкек мэриясын сотко бере тургандыктарын айтты.

Количество просмотров: 65