Бишкек.29.01.18.Govori.TV
Кычыраган кыш кырын эми көрсөтүп баштады. Акыркы үч күндө болгон сууктун күчү иштеп жаткан ТЭЦти иштен чыгарып үйлөрдү муздатса, эшикте жүргөн жан-жаныбарларды тоңдуртканга чейин барып мизин тарткандай. Бул туурасында ЖМКлар байма-бай жазып маалымат берсе, соцтармактын колдонуучулары нааразы болгон сөздөрүн жазып чыгышты. Ал эми реалдуу жашоодо шаар тургундары бул күндөрдү кандай өткөрүштү Govori.TV сайты шаар тургундарынан сурап көрдү.