Бишкек 07.02.18 Govori.tv
Кечээ Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы талаш-тартыш менен башталды. Айрым депутаттар сессияда Бишкек ТЭЦинде болгон аварияны талкуулаш керектигин айтса, кээ бир депутаттар бул маселени күн тартибине киргизүүгө каршы чыгышты.
Бийликтен корктубу же бирөөнө сөз тийип калат деп чочуладыбы? Айтор Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев эптеп эле бул маселеден аттап кетиш үчүн баардык аракетин жумшап жатты. Аягында кесиптештер аны «адвокат» болбоңуз деп айыптады.
Бул сөзгө төрага териккен жок. Тескерисинче добушка коюп жатканда регламентти одоно бузуп, биринчи жолу өтүп кетсе, кайра-кайра добушка койду.
Алмаз Кененбаев тууралуу кеңири кеп кылсак. КСДП партиясынан экинчи жолу депутат болуп шайланып келип жатат. Биринчи жолу келгенде Марат Аманкулов кетээри менен аз убакыт төрага болгон. Кийинки чакырылышта КСДП фракциясы «Республика-Ата-Журт» фракциясы менен коалиция түзгөн. Төрага болуп «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Канат Музуралиев шайланган. Алмаз Кененбаев төрагага калпак кийгизип, кементай жаап куттуктаган эле.
Анда Бабанов менен Атамбаевдин мамилеси жакшы болчу. Кийин эки саясатчынын мамилеси бузулаары менен дароо көпчүлүк коалициянын ишине канаатандыраарлык эмес деп баа берүү демилгесин Алмаз Кененбаев көтөрүп чыкты.
Ошентип бийликтин колдоосу жана саясий интрига менен Канат Музуралиевди төрагалыктан кетиртип, өзү төрага болуп отуруп алган Алмаз кененбаев тууралуу эмне деп айтсак болот. Бишкек шаарынын тургундары тоңсо тоңсун бийлике соз тийбесе болду дегенден башка эмне кылмак эле.