• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук качан берилет?

3 Тогуздун айы 2022 11:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы шаардыктардын үйлөрүнө качан жылуулук берилерин маалымдады.

Билдирүүдө жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлө тургандыгы айтылат.

«Жылуулук 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 ℃ төмөндөгөндө бериле баштайт. Бүгүн, 3-октябрь үчүнчү гана күн», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана мекемелери жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат.

Бишкек шаардык мэриясы шаардыктарды терезе, эшиктерди жылуулап, отун, көмүр камдап алууга чакырат.

Количество просмотров: 478