• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкектин 3 конушунда суу болбойт

2 Жалган куран 2024 11:42 Бишкек Govori.TV

5-мартта Бишкектин үч конушунда суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 5-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Энесай, Дордой — 1, Дордой — 2 конуштарындагы турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 153