• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкектин абасынын булгануусуна эмнелер себеп болууда?

16 Кулжа 2022 12:32 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин башкы адиси Айгерим Жусупова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкектин абасын кандай заттар булгап жатканын айтып берди.

“Абанын сапатын аныктоо үчүн жүргүзүлгөн көз карандысыз мониторингдин, андан тышкары датчиктерден алынган маалымат боюнча, абанын булганышы жылдан жылга начарлар бара жатат. Жылытуу мезгилиндеги абанын булганышынын негизги себеби көмүр жана таштандыларды жагуу, таштанды жайлардагы өрт, унаалардын көбөйүшү, жалбырактарды ачык өрттөө, кичи зводдор, ЖЭБ, мончо жана сауналарда көмүр жагуу” , — деди ал.

Ошондой эле, адис кышында Бишкектин булганган абасындагы заттарга өзүнчө токтолду. Алардын негизгилери: азоттун диоксиди, формальдегид, көмүртек кычкылы жана майда бөлүкчөлөр.

Количество просмотров: 94