Бишкекте жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев көчөсүндөгү тротуарды Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери башталды.
Жолдун түштүк тарабында эски асфальты сыйрылып, ирригациялык системасын орнотуу иштери аяктап, бордюрларды орнотуу иштери улантылып жатат.
Ошондой эле жолдун түндүк тарабында эски асфальты сыйрылып, бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.