Бишкек шаарынын аймагына киргизилген Өзгөчө абалдын талабына ылайык шаарды курчай блок-посттор коюлду.
Башкы штабдын маалыматына караганда, блок-посттор Дэн Сяопин проспекти менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишине, Чоң Чүй каналынын Тоголок Молдо, Орозбеков, Абдрахманов, Осмонкул, Алматы, Калинин, Жибек Жолу проспектилер менен кесилиштерине, Ауэзов жана Анкара, 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулган.
Мындан тышкары Бишкекке сырттан кирүүчү Пригорондный айылынын Фучик көчөсүнө, Чоң-Арык, Орок жана Селекция айылдарына блок-посттор коюлган.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты жума күнү чыгарган. Жарлыкка ылайык, кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат.