Бишкектин айланасындагы бардык санитардык-көзөмөл посттор алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буйрукка комиссия төрагасы, борбордун вице-мэри Азиз Алымкулов кол койгон.
Кошумчалайкетсек, шаардын чек араларында 12 санитардык-көзөмөл постту коюлган. Жерине ЖКККББнын 24 кызматкери, КР ИИМинин ички коопсуздук аскер кызматынын 40, ИИМ атайын багыттагы полкунун 40 кызматкери жана Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтеринен 24төн кызматкер тартылган.