Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Оңдоо иштери жүрөт, деп эскертти «Түндүк электр» ААКтын басма сөз кызматы.
Техникалык оңдоо иштери саат 09:00 – 18:00 аралыгында болот.
Даректер:
— Үсөнбаев, Линейная, Бөкөнбаев, Байтик баатыр көчөлөрүндөгү тилкелер;
— Рухий-Мурас конушу;
— Чыгыш-5 кичи району;
— Көк-Жар конушундагы Шабдан баатыр, Арстанбап, Сайма-Таш көчөлөрү;
— Ибраимов көчөсү;
— Пушкин, Абдрахманов көчөлөрүнүн тилкеси;
— Арча-Бешик конушу;
— Тоголок Молдо, Н.Исанов, Профессор Зима көчөлөрүнүн тилкелери;
— Көлмө конушу;
— Жаш Гвардия бульварындагы №41 дарек.