• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчөт

30 Жетинин айы 202017:41 Бишкек Govori.TV

Эртең, 1-декабрда Бишкек шаары жана Чүй облусунун бир катар аймагында жарык өчүрүлөт. «Түндүк электр» ишканасы электр тармактары техникалык кароодон өткөрүлө турганына байланыштырат.

Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

-09:30-12:00гө чейин Рухий-Мурас конушунун 1-көчөсүндө;

-12:00-15:00 аралыгында Рухий-Мурас конушунун Анкара-3, Анкара-5-көчөлөрүндө;

-15:00дөн 18:00гө чейин Рухий-Мурас конушундагы 5-көчөдө;

-09:30-13:00 аралыгында Көк-Жар кичи районундагы №21-23, 23/2, 38 үйлөрдө;

-11:00-17:00 аралыгында Алтын-Ордо конушунун экинчи көчөсүндө;

-09:40-17:00дө Осмонкул, Жумабек көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндөгү үйлөрдө;

-09:40-17:00дө Щербаков, Орозбеков көчөлөрүндө;

-09:30-18:00 аралыгында Арча-Бешик конушунун Жаз, Алтын-Бешик, Бердибаев, Сулуу-Төр, Бишкек-125 көчөлөрүндө;

-09:00-13:00дө Павлов көчөсүндө;

-09:00-17:00 аралыгында Ак-Босого конушундагы Чүй-48, Чүй-49 көчөлөрүндө;

-09:00-17:00 аралыгында Шевченко, Пушкин, Табышалиев, Чүй/Турусбеков көчөлөрүндө жарык өчөт.

Количество просмотров: 321