• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчтү. Себеби эмнеде?

10 Жетинин айы 2022 10:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы кечээ кечиде жана бүгүн эртең менен да өчүрүлгөнү кабарланды.

Соцтармак колдонуучулары үйлөрүндө электр жарыгы эч кандай алдын ала кабар берүүсүз өчүрүлгөнү айтышып, кышка карата чектөөлөр кирүүдөбү же электр зымдары кубаттуулукту көтөрө албай жатабы деген суроо салышууда.

Ал эми Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы бул тууралуу комментарий берип, веердик өчүрүүлөр болбогонун, авариялык эле өчүрүүлөр болуп, ал жерлерди 1-2 сааттын ичинде оңдолуп жатканын билдирди.

Министрликтен бул маселе боюнча дагы тактоо иштери жүрөрүн жана толук маалымат бир аздан соң берилерин кошумчалашты.

Количество просмотров: 276