Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, 24-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында таза суу токтойт.
Белгилүү болгондой, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу «Ала-Тоо-1» менен «Ала-Тоо-2» кичирайондорунда таза суу болбойт. Ара-Кол, Батыш, Улук-Тоо, Дмитров, Кызыл-Тоо көчөлөрүндө да суу токтойт.
Буга байланыштуу бул күнү № 82 мектеп, № 43 бала бакча иштебейт.