• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы эки жумага өчүрүлөт

23 Кулжа 2021 18:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы 28-июндан 9-июлга чейин убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаратылыш газы эски жабдыктарды алмаштыруу үчүн өчүрүлөт.

Мындан улам аталган мөөнөттө Садырбаев, Л.Толстой, Ала-Арча дарыясы, Миңжылкыев, Тыналиев, Масалиев, Жал-23 отказаны жана Ротор көчөлөрү менен чектелген аймакта газ берүү токтотулат.

Белгилей кетсек, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 25-июнда саат 09:00дөн 13:00гө чейин түтүктөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

Количество просмотров: 139