• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкектин айрым райондорунда 4 күн жаратылыш газы берилбейт

17 Бештин айы 2018 10:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын Коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы 17-декабрдан 21ине чейин төмөнкү аймактарда берилбейт:

«Красный строитель», «Керамический», «Кайыңды» жаңы конуштарында;

Төмөнкү Ала-Арча айылы (Андижан, Логвиненко, Биринчи Май, Зеленая, Колхоз, Кыргыз, Белинский, Коллективная көчөлөрү; Аул, Новосельская, МЧК);

Аламедин айылы (Гидростроительная, Алма-Ата, Набережная, Иваницын, 60; Кожожаш, Гоголь, Школьная, Панфилов көчөлөрү);

«Шин-Лайн» ЖЧКсы, ат спорту мектеби, «Красный строитель».

Количество просмотров: 21