• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мамлекеттик ипотека берүү кайра эмнеге токтотулду?

16 Тогуздун айы 2018 11:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.10.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик ипотека берүү каражаттын жоктугунан август айынан тарта токтотулганын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ишканасынын башкаруучулугунун төрагасы билдирген. 

Маалыматка ылайык, компания быйылкы жыл үчүн каралган 500 миллион сомдун баарын тез эле берип бүткөн. Мындан улам июль айында кошумча дагы жарым миллиард сом алынган.

«Кошумча алган каражат да августта эле таратылып бүттү. Мындан улам дагы 500 миллион сом бөлүү боюнча өкмөттүн токтом долбоору даярдалды. Ал азыркы тапта макулдашуу үчүн министрликтер менен ведомстволорго жиберилди. Өкмөт жана президент бюджеттик каржылоонун көлөмүн жогорулатууну тапшыргандыктан жактырып беришет деген ойдомун», — деп кабарлашкан Мамлекеттик ипотекалык компаниядан.

 

Количество просмотров: 23