Бишкектин борбордук бөлүгүндө 5 күн бою газ жок болорун «Бишкекгаз» билдирди.
Маалымдалгандай, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 21-25-июль күндөрү өчүрүлөт.
Көгүлтүр от Калык Акиев, Чүй проспекти, Токтогул, Фрунзе, Ибраимов, Сүйүмбаев, Жукеев-Пудовкин, Суванбердиев, Киев жана Лев Толстой көчөлөрү менен кесилишкен аймакта болбойт.
Чектөө жер алдынан өткөн орто басымдагы газ түтүктөрүн оңдоо иштери менен байланыштуу болору айтылды.