Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 12-13-август күндөрү Курманалиев, Зеленая, Колхозный, Кыргызская, Новая көчөлөрү менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.