• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

24 Аяк оона 20249:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Көк-Жар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 24-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө Бишкектин төмөнкү көчөлөрү менен чектелген аймагында суу берүү токтотулат:

  • темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
  • темир жол линиясы — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү- Бектенов көчөсү -Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 109