• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт (дарек)

8 Бирдин айы 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Эртең, 9-февралда суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 20:00гө чейин Панфилов, Горький, Л.Толстой, Ч.Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жана Керимбеков көчөсүнүн №5, 1б, 13/1, 13, Исанов көчөсүнүн 8, 5, 2г, 2а, 2б, 2в, Бөкөнбаев көчөсүнүн 152, 154, 162 дарегинде ичүүчү суу өчүрүлөт.

Белгилей кетсек, таза суу республикалык оорукана жана курулуш техникумда өчүрүлбөйт.

Количество просмотров: 241