Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 орундуу биринчи мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди
Учурда мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылды. Билим берүү мекемеси заманбап стандарттарга ылайык, ири панелдүү технологияны колдонуу менен курулган.
Мектепте окуу класстары, лабораториялар, эмгек кабинеттері, медициналык кабинет, информатика классы, китепкана, актовый зал жана спорт залы каралган.
Курулуш иштери 2025-жылы башталган.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Ак-Ордо конушунда дагы эки мектептин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн Ош олбусунун Араван районунун Гулбар айылында дагы жаңы мектеп президенттин катышуусунда ачылды.