Кечээ 9-январдан тарта республикадагы айрым май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы литри орточо 3 сомго арзандаганы байкалган.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов Россияда жыл аягында күйүүчү майга болгон баалар төмөндөөрүн айтып, мындан тышкары күйүүчү майдын дүң баасы төмөндөгөндүктөн да баалар арзандай түшкөнүн билдирген.
Баа бир гана А-92 маркадагы күйүүчү майга арзандаганы маалым болду.
Күйүүчү май арзандай түшкөнүн соцтармактарды колдонуучулар да белгилеп, айрым май куючу жайлар арзандатышса, айрымдар мурдагы эле баа менен сатып жатышканын жазышууда.
Белгилей кетсек, былтыр 1-октябрдан тартып Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркалоо киргизилип, ушундан улам ар бир литр күйүүчү майга болжолдуу 37 тыйын кошулган.
Мындан тышкары өкмөттүн сунушу менен, 2025-жылдын 1-январынан тарта күйүүчү майга жол үчүн төлөнө турган салык катары 1 сом кошулары да айтылган.