Бишкек шаарынын беш көчөсүндө оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 1-июлдан тартып Огонбаев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн ачылды.
Ошондой эле, «Ак-Ордо» жаңы конушундагы Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейин жана Логвиненко көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, Жунусалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин оңдолуп ачылды, мындан тышкары «Ак-Тилек» жаңы конушундагы Ак-Тилек көчөсү Элебесов көчөсүнөн Дзержинский көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн ачык.
«Оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 3,2 чакырымды, тротуарлардын туурасы 1,5 метрден 3 метрге чейин түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган «Бишкек шаарынын көчө -жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жалпы узундугу 70,87 чакырым болгон 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат.