• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт

14 Бугу 2024 17:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер астындагы төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 15-майдан 17-майга чейин Дача көчөсү, Керченский тар көчөсү, Кайынды көчөсү, Элебесов көчөсү, ЧЧК, Кара-Жыгач багы, Фирсов көчөсү, Фере көчөсү, Арал көчөсү менен чектелген аймакта газ берүү токтотулат.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Количество просмотров: 167