Бишкек.22.12.2018.Govori.TV
Авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкектин бир катар аймактарында беш күнгө чейин газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы маалымат таратты.
Ага ылайык, төмөнкү райондордо көгүлтүр от болбойт:
24-28-декабрда Бишкек шаарынын Курманжан датка, Чоң Чүй каналы, Лермонтов, Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;
24-26-декабрда Бишкек шаарынын Махатма Ганди, Можайский, Манас проспектиси, Васильев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;
24-25-декабрда Орто-Сай айылынын Ала-Арча шаарчасында.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана шаймандардын үзгүлтүксүз иштөөсүн жөнгө салуу максатында жүргүзүлүүдө.