Бүгүндөн баштап 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул — «Бала ырысы» боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эртең мененки сааттардан тарта 700дөн 1000ге чейин арыз түшкөн.
«Статистика боюнча өлкөдөгү калктын 38 пайызын балдар түзүп, 3 жашка чейинки балдардын саны 440-470 миңди түзөт. Жөлөкпулга арыз берүү мобилдик тиркеме жана аймактык башкармалык аркылуу жүргүзүлөт. Жарандар июль айында арыз берип башташса, август айынан тартып жөлөкпул берилип баштайт. Жөлөкпулду эки мамлекеттик банк — «Элдик Банк» жана «А банк» аркылуу алса болот», — деди министрдин орун басары.
Маалыматка ылайык, аталган жөлөк пул «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамдын негизинде дайындалып, анын өлчөмү ар бир 3 жашка чейинки балага ай сайын 1200 сомду түзөт.
Жөлөк пулду алуу үчүн ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр белгиленген формадагы арызды, паспортту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана башка зарыл документтерди тапшыруусу керек.