• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкектин борбордук бөлүгүн деталдык пландоо чечими дагы кабыл алынган жок

5 Тогуздун айы 201819:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 5- сентябрда Бишкек шаардык мэриясы менен Шаардык башкы архитектуралык куруу ишканасы биргелешип Бишкектин борбордук бөлүгүн деталдык пландоо маселесин атайы жыйында  карашып акыркы чечимди кабыл алышкан жок.
Негизинен бул долбоор 2013 – жылдан бери эле иштелип келе жаткан. Бирок ошол учурдагы сунушталган долбоор кошумчалоону талап кылаарын белгилешип, кайра карап чыгууга кетиришкен.
Шаар мэри Азиз Суракматов шаардын тургундарынын жашоо шарттарын ынгайлаштырүу маселелери толугу менен эске алынып , бул  долбоор каралып чыгып, өзгөрүүлөрүн кошумчалап андан соң Шаардык Кеңештин талкуусуна жиберилерин белгилеп өттү.
Ал эми бул долбоорго каршы оюн шаар тургундары айтып өтүштү. Алардын айтымында шаардын борборун пландоо маселесинин артынан көптөгөн мыйзамсыз иштер болуп кетуүсү мүкүн, ошондуктан калктын пикирин да эске алууларын  талап кылышып коомдук талкууга салуусун айтышты.
Ошентип, 4 жылдан ашык талкууга түшкөн Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүн деталдык пландоо жөнүндөгү долбоордун акыркы чечими жакынкы мезгилде кабыл алынаары белгилүү болду.

Количество просмотров: 42