Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн (Совет көчөсү) биринде сары тилке (автобус) пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдайт.
Автобус тилкеси Байтик Баатыр көчөсүндө Масалиев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин жана Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Жибек Жолуна чейинки бөлүгүндө уюштурулмакчы.
Департаменттин маалыматына ылайык, тилкени жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.