Бишкектин борборунда бүгүн ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо иштерин өткөрөт. Буга байланыштуу төмөнкү даректерде ысык суу берүү убактылуу токтотулат:
Ж.Абдырахманов көчөсү, 214;
Жумабек көчөсү, 123;
Баетов көчөсү, 74, 75, 81, 85-үйлөр;
К.Тыныстанов көчөсү, 138, 144-үйлөр;
Эркиндик бульвары, 71, 73-үйлөр;
Жибек-Жолу проспектиси, 413;
Тыныстанов көчөсү, 285, 285а-үйлөр;
Абдырахманов көчөсү, 230.
Белгилей кетсек, оңдоо иштери саат 18:30га чейин уланат.