Бишкектеги Киев-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат бузулуп жаткандыгын социалдык тармактын колдонуучулары жазып жатышат. Бузулуп жаткан имарат курчалып, жанында милиция кызматкерлери турушат.
Буга чейин бул имараттын экинчи, үчүнчү кабаттарын мамлекеттик уюмдар ээлеп келишсе, биринчи кабатында соода түйүндөрү жайгашкан эле.
Бул көрүнүштүн кызыгы мында, имараттын үстүнкү кабаттарын жумушчулар бузуп жатышса, астындагы дүкөндөрдүн ээлери жабдууларын ташып чыгууда.
Бул имаратты бузууга чечим качан, кандай чыкканы белгисиз.