• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин үч кичи районунда авариядан улам электр жарыгы өчүрүлдү

15 Жетинин айы 202116:11 Бишкек Govori.TV

Бишкектин 8, 9 жана 10-кичи райондорунда авариядан улам электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасынын басма сөз кызмат кабарлайт.

Маалыматка ылайык, «Абдыкалыков» подстанциясындагы жогорку вольттуу кабелдик линиядагы бузулуу аварияга алып келген.

Учурда «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин аткарып жатышат. Абоненттер электр энергиясынын башка булагына туташтырылат. Ишкана жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Количество просмотров: 170