• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкектин четинде уулу жөргөмүштөр көбөйдү (видео)

10 Кулжа 2021 18:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын четинде уулу жөргөмүштөр көбөйдү. Бул тууралуу Govori.TVга Чоң-Таш айылынын тургуну Тахир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, шаардын четиндеги желек орнотулган аймакта Сольпуги жөргөмүшү көбөйүп кеткен.

«Бүгүн, 10-июнда жөргөмүштү тирүү кармап банкага салып, тийиштүү мекемелерге кабарлоону эп көрдүм. Интернет аркылуу изилдегенибизде жугуштуу ооруларды өздөрү менен алып жүрө турганы белгилүү болду. Орусия менен Казакстанда дагы көбөйүп кеткен. Бул жандыктар күн жылыган мезгилде чыгат экен. Ал эми шаар четине эс алуучулар көп келет этият болуусун суранат элем»,-деди Чоң-Таш айылынын тургуну.

Сольпуги же фаланга — музообаштар, жөргөмүш сымалдуулар классындагы жандыктардын бир түркүмү.

Количество просмотров: 7890