• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар кайсы райондорго кошулат?

1 Жалган куран 2024 16:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар кошулгандан кийин борбор калаада райондордун саны көбөйбөйт. Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте алар кайсы районго кошулары көрсөтүлгөн:

  1. Ленин районунун аймагына Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактары;
  2. Октябрь районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:
  • Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагы;
  • Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы;
  • Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак конушу жана № 544, № 545, № 552 контурлары;

3) Биринчи май районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

  • Аламүдүн районунун Маевка, Пригород айыл аймактары;
  • Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык конушу;
  • Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру;

4) Свердлов районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

  • Аламүдүн районунун Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары;
  • Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы жана Ак-Жа», Нуркожо-Ата жана Адилет конуштары.
Количество просмотров: 1172