Бүгүн, 26-январда Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардын жолдоруна 199 тонна техникалык туз себилген.
«Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч штаттык режимде иштеп жатат. Тротуарлар муз, кардан тынымсыз тазаланып турат»,-деп айтылат маалыматта.