• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектин көчөлөрүнө 295 тонна туз себилди

8 Үчтүн айы 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы тротуар, жолдор, аялдамалардын айланасындагы карлар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазаланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдорго 295 тонна туз себилген. Кар жана музду тазалоого 37 атайын техника тартылган. Ошондой эле “Тазалыктын” 800дөй жумушчусу иш алып барууда.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер жаралса, төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:

  •  Аскат Карынбаев (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
  • Алмаз Турсалиев  (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
  • Мавлян Аскарбеков (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
  • Рустам Касымбеков (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.
Количество просмотров: 53