• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкектин көчөлөрүндө кароосуз калтырылган унаалар алынат

15 Аяк оона 2023 10:58 Бишкек Govori.TV

Бишкектин көчөлөрүндө кароосуз калтырылган унаалар алынат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, акыркы убакта шаар тургундарынан жолдо, короо-сарайларда, унаа токтотуучу жайларда, өзгөчө техникалык тейлөө станцияларынын (СТО) жанында кароосуз калган унаалар боюнча кайрылуулар көбөйдү.

Биринчи май районунда №15 МАБнын кызматкерлери Волков көчөсүндө П.Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүктө кароосуз калган, туура эмес жерде токтогон унаалардын ээлерине жана техникалык тейлөө станцияларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 13 унаанын ээсине билдирүү таратылып, унааларга эскертүүлөр чапталган.

Кошумчалай кетсек, бул көчөнүн боюнда тейлөө станциялары көп жайгашкан.

Ошентип, билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган беш күндүк мөөнөттө транспорттук каражатты эвакуациялоону жүзөгө ашырат, ал эми эвакуатордун жана унаа токтотуучу жайлардын чыгымдарын кыймылдуу мүлктүн ээлери көтөрөт.

Белгилей кетсек, бул чаралар муниципалдык жерлерди жана имараттарды инвентаризациялоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлүүдө.

Тургундар суроолор боюнча №15 МАБга кайрыла алышат, дареги: Кайназарова көч.,102, байланыш телефону: 0(702) 222 827.

Количество просмотров: 108