• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бишкектин Келечек жаңы конушунда үч наристе түтүнгө ууланды

12 Бирдин айы 201912:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.

Бишкектин Келечек жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыгып, үч наристе түтүнгө ууланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, аянты 35 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп кеткен. Ал эми төрт, үч жана эки жаштагы үч бөбөк түтүнгө ууланып калгандыктан, ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы орто деп бааланууда.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Количество просмотров: 14