• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин коменданты батир кожоюндарына кайрылды 

18 Чын куран 202012:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев бүгүн 18-апрелде өкмөт үйүндө өткөн брифинг учурунда борбор калаада ижарага берилген батирлердин кожоюндарын сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка чакырды.

«Ушул тапта көптөгөн жарандарыбызга моралдык жана материалдык жактан оор болуп турат. Ижарага батир бергендерден суранарым, мындай оор учурда көп балалуу үй-бүлөлөрдү сыртка чыгарып койбогула. Сабырдуу болгула. Вирусту жеңип, жашообуз өз нугуна түшкөндө акчаңарды аласыңар», — деп кайрылды комендант Орозалиев.

Количество просмотров: 82