• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Комендант элдин оозуна алынган селсаякты издеп жатат

27 Чын куран 202016:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына география жаатындагы билими менен таң калтырган туруктуу үй-жайы жок кишини издеп жатканын жарыялады.

«Үй-жайы жок адамдын энциклопедиялык билими мени таң калтырбай койгон жок. Видеосун көрүп, акылына баа бердим. Урматтуу достор, бул кишинин жүргөн жерин билгендер болсо комментарийге жазып койсоңуздар. Ага азык-түлүк берип, колдоо көрсөтөт элек», — деп жазды Орозалиев.

Эске салсак, буга чейин социалдык түйүндөрдө үй-жайы жок адамдын видеосу тараган. Анда ал дүйнөдөгү мамлекеттердин ири шаарларын жаңылбай айтып көпчүлүктү таңкалдырган.

Количество просмотров: 1892