• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкектин коменданты элге кайрылды

1 Чын куран 2020 9:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде эртең мененки онлайн брифингде ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев акыркы суткадагы абал боюнча маалымат берип, Бишкек шаарынын жашоочуларына кайрылуу жасады.


«Коменданттык саат учурунда көчөгө чыкпооңуздарды суранабыз. Күнүгө өзгөчө абал учуруда жүздөн кем эмес жаран кармалып жатат. Бул жакшы көрсөткүч деп ойлобойм. Коменданттык саат учурунда көчөгө чыккан, деги эле өзгөчө абалдын эрежелерин бузган жарандардын саны нөлдү түзүшү керек. Эң биринчи кезекте бул сиздердин ден соолуңуздар үчүн керек. Андан тышкары үй-бүлөңүздөрдү коронавирус оорусуна дуушар кылышыңыздар мүмкүн. Биз калкты коопсуздугун, тынчтыгын биринчи орунга коебуз. Тартипти бекем сактоо менен гана бул илдеттен кутулабыз», — деди комендант Орозалиев.

Количество просмотров: 255