Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловду 31-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Алымкулов СИЗО-1 мекемесинде камакта болот. Мындай чечим 2-апрелде чыгарылган.
31-мартта Алымкулов жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, алар кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында башка кызмат адамдары менен бирге Бишкек мэриясынын адистерине басым көрсөтүп, кымбат баалуу жер тилкелерин ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого мажбур кылышкан.