• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкектин шайлоо тилкелеринде кандай мыйзам бузуулар катталды?

11 Теке 2021 16:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов маалымат жыйын учурунда шайлоо тилкелериндеги мыйзам бузуулар туурасында айтып берди.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо жүрүүдө.

Стамов Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 7 кылмыш иши, үч жорук жана 11 номенклатуралык иш катталганын белгиледи.

Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу боюнча түшкөн маалыматтар:

• “Ынтымак” саясий партиясы Instagram соцтармактагы баракчасы аркылуу үгүт боюнча видео жарыяланган. Шайлоо комиссиясынын сунушу менен аталган видео өчүрүлгөн;

• №1230 шайлоо тилкесинен байкоочунун укугу бузулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын куратору жерине барган. Санитардык талаптардын сакталышы үчүн байкоочулар кезек-кезеги менен байкоо жүргүзүп турган. Бирок алардын бирөө арыз жазып койгон;

• №1301 шайлоо тилкесинен шайлоочуларды ташуу боюнча маалымат келген. ИИМ кызматкерлери аталган факты боюнча текшерүү жүргүзүшкөн, маалымат тастыкталган эмес;

• №1343 шайлоо тилкесинде добуш берүүчүлөрдү байкоочу сүрөт, видеого тартып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Байкоочунун белгилүү жерден сүрөт, видео тартууга укугу бар болгондуктан мыйзам бузуу катары эсептелген эмес;

• №1345 шайлоо тилкесинде “Реформа” партиясынын баннери илинип турганы тууралуу билдирүү келген. Баннер шайлоо участкасында илинген эмес, бирок комиссиянын сунушу менен баннер алынган;

• №2 муниципалдык аймактык башкармалыгы боюнча кварталдык өкүлү акча таратып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. УКМК тарабынан тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 101