• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкектин төрөт үйлөрү аялдарды кабыл албай жатабы? Министрликтин жообу

14 Бугу 2020 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектин төрөт үйлөрүндө аялдарды кабыл албайт жатат деген маселе коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул маселеге байланыштуу ыкчам жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ кечинде саламаттык сактоо министри жетектеген бул топтун жыйыны болду.

“1982-жылы туулган А.Э. аттуу жаран азыркы убакта шаардык перинаталдык борбордо, кечээ ага төрөттү тездетүүчү дары-дармектер сайылып, төрөт кабыл алынган. Бирок, тилекке каршы өлүк бала төрөлгөн. Учурда аялдын абалы жакшы, анын үч баласы бар, азыркысы 4-төрөтү экен. Бирок, биз азыр каяктан жана кандай кемчиликтер кеткендигин иликтеп жатабыз, сөзсүз чара көрөбүз”, — деп билдирди Каратаев.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө видео тасма тарап, анда аксылык экенин айткан кош бойлуу келин төрөтканалардан кабыл албай жатканын ыйлап айтып берген. Ага кош бойлуулуктун мөөнөтү жана документтери жок болгонун себеп кылышкан.

Количество просмотров: 158